Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу


Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу — кыргыз тилиндеги Викимедиа долбоорлоруна натыйжалуу салым кошом дегендердин ыктярдуу бирикмеси. Топ кыргыз тилинин колдонуу чөйрөсүнүн кеңейүүсүн, кыргыз тилиндеги Викимедиа долбоорлорунун туруктуу жана натыйжалуу өнүгүүсүн, Кыргызстанда ачык/эркин билимге өбөлгө түзгөн шарттардын калыптануусун көздөйт. Көздөгөнүбүздүн жүзөгө ашырылышы үчүн зарыл чараларды көрөбүз деп өзүбүздү милдеттендиребиз.

Кыргыз викимедиачылардын колдонуучулар тобу
250px
Өлкөнүн кодуKG
Укуктук макамыколдонуучулар тобу
Негизделген датасы12.12.2024
Расмий тил(дер)кыргыз

Милдеттенмелер

edit
  • Топтун максаттарын натыйжалуу жүзөгө ашыруучу, колдон келүүчү ишти кыска жана орто мөөнөткө пландоо
  • Бекитилген пландарды убагында аткаруу
  • Ачык/эркин билим жаатындагы демилгелерди илгерилетүү, ал тургай укуктук жаатта
  • Кыргыз тилиндеги Викимедиа долбоорлорунун жеткиликтүүлүгүн, аныктыгын камсыз кылуу
  • Кыргыз тилиндеги Викимедиа долбоорлорунун жамааттарын турукташтыруу жана көбөйтүү
  • Викимедиа кыймылынын жамааттары менен кызматташуу