Борбор азиялык WikiCon 2025/Стипендия

This page is a translated version of the page Central Asian WikiCon 2025/Scholarship and the translation is 100% complete.

Борбор азиялык WikiCon 2025 19–20-апрелде Ташкент шаарында өткөнү жатат. Стипендиялар жандуу түрдө катышкысы келген жамаат мүчөлөрү үчүн арналган. Бул стипендиялар конференциялардагы ар түрдүүлүктү жана инклюзивдүүлүктү көздөгөн Викимедиа фонду тарабынан каржыланат.

Ырааттама

  • Стипендияга өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2024-жылдын 1-декабрында башталган (  Даяр)
  • Стипендияга өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2024-жылдын 30-декабрында аяктаган (  Даяр)
  • Стипендиялык комитет тарабынан жарактуулукту текшерүү жана баалоо: 2025-жылдын 1–14-январы   Уланууда...
  • Өтүнмөлөрдү кароо жыйынтыктары тууралуу билдирүү: 2025-жылдын 20–25-январы
  • Жыйынтыктоочу тизме 31- январга чейин жарыяланат

Өтүнмө берүүчүлөргө талаптар

Викикипедия, Викиказына, Викибулак ж.б. ушундай сыяктуу Викимедиа долбоорунун жигердүү колдонуучулары же Борбор Азиядан (Иран, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан) болгон Викимедиа кыймылынын бардык ыктыярчылары стипендия ала алышат. Биз ошондой эле Борбордук жана Чыгыш Европа хабынын, Түрк тилдүү викимедиачылардын колдонуучулар тобунун жана Түштүк, Түштүк-Чыгыш Азия жана Тынч океан чөлкөмү хабынын жигердүү колдонуучуларын да тапшырууга чакырабыз.

Викимедиа кыймылындагы жигердүүлүк (онлайн же оффлайн) баалоонун негизги критерийи болот. Викимедиадан тышкары ачык билимди жайылтууга, ачык программалык камсыздоого, кызматташуу же билим берүү демилгелерине тийиш болуу жардам берет, бирок талап кылынбайт.

Стипендиялар

45 колдонуучуга стипендия берилери күтүлүүдө.

Стипендиялар авиакаттамдарды, түнөп кетүүнү, жергиликтүү транспортту колдонууну, иш-чара учурундагы суусундуктарды жана тамакты камтыйт.

Конференция учурунда бала караганы жардам берүүгө даярбыз. Сураныч, бул тууралуу өтүнмөңүздө билдирип коюңуз.

Өтүнүү

Өтүнмө берүү мөөнөтү аяктады, жыйынтыктар Стипендиялык комитет тарабынан кийинчерээк жарыяланат.

Байланыш үчүн

Суроолоруңуз болсо, биз менен байланышыңыз: CAWikiCon25 gmail com