Борбор азиялык WikiCon 2025/Сессияны сунуштоо

This page is a translated version of the page Central Asian WikiCon 2025/Submissions and the translation is 100% complete.

Бул баракча Борбор Азия ВикиКон 2025ке сессия сунуштоо боюнча көрсөтмө жана жалпы маалыматтарды берет.

Ырааттама

  • Өтүнмөлөр кабыл алуу 15 January 2025 00:00 (UTC) башталат.
  • Өтүнмөлөр кабыл алуу 2025-жылдын 22-мартында 23:59дө (UTC) аяктайт.

Сессиянын түрлөрү

Конференциянын сессиялары бир нече форматтарда уюштурулуп, төмөнкүлөрдөн бирөөнү тандоо мүмкүнчүлүгү бар:

  • Лекция: Бир же эки баяндамачы презентация сунуштап, аягында аудиториядан суроо жооп менен уланат. Лекция үчүн жалпы убакыт 30 мүнөттү камтыйт(суроо-пикирлерди кошкондо).
  • Демонстрация: Бир баяндамачы иш куралдары, иштин жүрүшү же программа менен тааныштырат. Демонстрация үчүн жалпы убакыт 60 мүнөткө чейин(суроо жоопторду кошуп) болот.
  • Талкуу панели: Бир канча адамдардан турган чакан топ баяндама же бир теманын үстүнөн талкуу жасап, аудиториядан келген суроо пикирлерге жооп беришет. Панель үчүн жалпы убакыт 60 мүнөткө чейин болот.
  • Воркшоп: Бир же эки мадератор аудиторияга активдүү интерактив менен бир теманын үстүндө баяндама жасашат. Воркшоп үчүн жалпы убакыт 90 мүнөткө чейин болот.
  • Чакан талкуу: Бир баяндамчы аудитория менен талкуусу же суроо жоопсуз эле баяндама жасайт. Чакан талкууга үчүн жалпы убакыт 5 мүнөт болот.
  • Тегерек стол: 10-15 адамдан турган топ тийиштүү бир теманын үстүндө талкуу жасашат. Тегерек столго берилген жалпы убакыт 45 мүнөткө чейин болот.
  • Постер: Окуу жайдын көрүнүктүү жерине илинип койчу плаккатка берилген тема.

Эскертүүлөр:

  • Баардык сессия түрлөрү жыйындын негизги программасынада берилет.
  • Берилген мөөнөттөр залдарды алмаштыруу үчүн керектүү убакытты камтыбайт.

Өтүнмө берүү формасы

Өтүнмө берүү формасында сиз төмөнкү суроолорго жооп беришиңиз зарыл:

  • сунушталгган сессиянын темасы/аталышы;
  • сунуштама ичинде камтылган жалпы темалар;
  • катыушуу үчүн талап кылынган түшүнүү даражасы;
  • автордун(авторлордун) аты(аттары) жана кайсыл топко/уюмга тийиштүү экендиги (мисалы сиз кыргыз Википедия коомчулугуна мүчө болушуңуз мүмкүн) туурасында маалымат;
  • баяндамага түшүндүрмө берүүчү киришүү сөзү;
  • кыскача аталаган баяндама эмнесе менен пайдалуу.

Сизден сессия өтүүңүз үчүн канча убакыт талап кылынары суралбайт, анткени ар бир сессиянын форматына жараша бөлүнгөн стандартуу убакыт болот (сессия түрлөрүн бул жактан карасаңыз болот). Андыктан, сунушуңузду презентациянын белгилүү бир түрүнүн стандарттык убактысына туура келчүүдөй кылып текшериңиз.

Эгер сунушталган сессияңыз кошумча куралдарды, ресурстарды же материалдарды талап кылса же сизде атайын өтүнүчтөр болсо (мисалы, видеого алуу, түз эфирден берүү жана/же котормо ж.б.), аларды "Атайы талаптар" бөлүмүнө кошо кетиңиз.

Кантип баяндама/сессия сунуштоо керек?

Сиз сунуштап жаткан баяндамаңызды төмөндөгү этаптар аркылуу жөнөтсөңүз болот:

  • Алгачкы кадам: Сураныч, өтүнмөңүздү жөнөтөрдөн алдын колдонуучу атыңыз менен Meta-wiki (түздөн түз Global Wikimedia account) баракчаңызга кирүүнү унутпаңыз.
  • 1-кадам: Сунуштап жаткан сессияңыздын аталышын төмөндөгү таалалрдын бирине киргизиңиз. Өтүнмөлөрдү кабыл алууга форма орус жана англис тилдеринде даярдалган, анткени бул тилдер сессия өтүү үчүн өзгөчөлүк берилүүчү тилдер, ага карабастан сиз өзүңүдүн сессияңызды казак, каракалпак, кыргыз, фарси, тажик же өзбек тилдеринде өтсөңүз болот. Бирок өтүнмө жөнөтүү үчүн орус же англис тилин тандап, форманы толтуруу үчүн сессия өтүлүүчү тилде суроолорго жооп берсеңиз болот.
  • 2-кадам: Жаңы өтүнмө жөнөтүү баоракчасын ачуу үчүн төмөндөгү талааны толтурган соң «Отправить заявку» баскычын басыңыз(ал көк түстө көрүнүп баштайт).
  • 3-кадам: Fill in the application form with all the data you have on your proposal and save the page to submit your proposal.

Өтүнмөнү жөнөтүү үчүн сиздин сунушта камтылган баардык маалыматтарды көрсөтүп форманы толтуруңуз жана баракчаны сактап коюңуз.

Бул жерден сиз буга чейин жөнөтүлгөн баяндамаларды көрсөңүз болот.



Эскертүү: Өтүнмө жөнөтүү менен сиз төмөндөгүлөргө макулсуз:

  • Сиздин сунушуңузга (сессияңызга) байланыштуу баардык аннотациялар, слайдтар Creative Commons Attribution Share-Alike License 3.0 актордук лицезиясы менен жарыяланат.
  • Программалык комитет ар бир сессиянын авторлору же уюштуруучулары менен каьыл алынгандан кийин кененирээк макулдашат;
  • Жыйын учурунда сессияларды түз эфирге чыгаруу жана/же видео жаздыруу болушу мүмкүн. Эгер сиз сессияңызда тасмага тартылбашын кааласаңыз, анда сунушуңузду тапшырганда аны атайын талап катары көрсөтүңүз. Эгер катышуучуларга кандайдыр бир зыян келтирүү коркунучу болсо биз ал сессияларда видеого же түз эфирге албайбыз.

Байланышуу үчүн

Эгерде сизде кандайдыр бир суроолор же пикирлер бар болсо, сураныч биз менен байланышуудан тартынбаңыз CAWikiCon25 gmail com.

Презентация үчүн калып

Эгер сизде презентацияга идеялар бар болуп, бирок аны даярдоого толук материалдар топтоло элек болсо, анда сиз атайын Борбор Азия Викикону 2025 үчүн жасалган үлгүнү колдонсоңуз болот. Презентация үлгүсү Гуугл слайд форматында, аны өзүңүзгө көчүрмө жасап алсаңыз болот (Click FileMake a copyEntire presentation).